Энциклопедия "Манас". ч.1.

КӨӨНӨ СӨЗДӨР — күндөлүк речте колдонулбаган, көркөм тексттерде стилдик ыкма, көркөм каражат катары кызмат аткарган сөздөр, сөз айкаштары. Көөнө сөздөрдүн элдик оозеки эпосто колдонушу анын мазмуну, жанрдык-стадиялык өзгөчөлүгү, поэтикасы менен тыкыс байланыштуу. Көөнө мотив, көөнө сюжет, көөнө образдарды көркөм чагылдырууда айрыкча жыш колдонулат. «Манаста»  көөнө сөздөрдүн бардык түрлөрү кездешет. Белгилүү бир тарыхый учурда жашап, кийин колдонуудан чыгып калган историзмдер (зубун, тарса, ылама, мубакил, бичик жана башкалар) элдин мифологиялык аң-сезимине жана көөнө тарыхына байланыштуу түшүнүктөрдү билдирген сөздөр (жетимурук, адамноо, албын, кайып, зерчи жана башкалар) көп жолугат. Эпостогу көөнө сөздөрдүн келип чыгышы боюнча эки топко бөлүүгө болот: уңгусу түрк сөзүнөн турган жана араб, иран, кытай, моңгол жана башкалар тилдерден кабыл алынган сөздөр. X. Карасаев «Манас» эпосундагы түшүнүүгө кыйынчылык келтире турган сөздөрдүн (Сагымбай Орозбаков варианты боюнча) сөздүгүн түзгөн (к. «Камус наама»). Көөнө сөздөрдүн эпостун стилине көтөрүңкү эпикалык мүнөз берип, көөнө түшүнүктөрдү көркөм чагылдырууга кызмат кылат.